Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/11 11:38
 

“Газпром” курган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси Бишкек мэриясынын балансына берилди

“Газпром” курган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси Бишкек мэриясынын балансына берилди

Бишкек, 9- ноябрь /Кабар/. Жакында “Арча-Бешик” конушунда курулган дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси Бишкектин Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын балансына берилди. Бул тууралуу башкалаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган комплекс “Газпром” – балдарга” социалдык программасынын алкагында курулган. Спорт залы жана инвентарлар бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Көрүүчүлөрдүн трибунасына 700 адам батат. Ал эми бул жайда күнүгө 500дөн ашык балдар машыга алышат.

Комплексте волейбол, баскетбол, футбол, бокс, эркин күрөш, фитнесс жана хореография боюнча секциялар иштейт. Секцияларда 8-18 жаштардагы балдар, кыздар бекер машыга алышат.

Комплекстин директорлугуна Нурдин Кутманалиев дайындалды. Комплекстин дареги: «Арча-Бешик» конушу, Ж. Баатыр – Садыбакасов көчөлөрүнүн кесилиши. Комплекске чейин № 202, 100, 147, 203, 176, 148 маршруттары менен барууга болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу