Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/11 10:07
 

Кыргызстанда алыш бел күрөшү боюнча эл аралык турнир болот

Бишкек, 9 -ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда эркектер жана аялдар арасында алыш бел күрөшү боюнча эл аралык турнир болот. Бул тууралуу КРдин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеш 19-ноябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

“Турнир Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин жаркын элесине арналат. Таймаш эркектер жана аялдар арасында алты салмактык категорияда жүрөт. Аталган турнир төртүнчү мертебе өткөрүлүп жатат”-деди агенттиктин басма сөз кызматынан.

Турнирди Спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясы, Алыш бел күрөшү федерациясы жана А.Масалиев атындагы коомдук фонд уюштурушууда.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу