Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/11 09:50
 

Кыргызстандыктар Кытайда өткөн ушу саньда боюнча Дүйнө кубогунда алтын жана коло медалдарды жеңип алышты

 Кыргызстандыктар Кытайда өткөн ушу саньда боюнча Дүйнө кубогунда алтын жана коло медалдарды жеңип алышты

Бишкек, 8-ноябрь /Кабар/. Кыргызстан ушу саньда боюнча тарыхта алгачкы мертебе Ушу эл аралык федерациясынын (IWUF) гран при классы мелдешинде алтын медалды - Ушу саньда боюнча дүйнө кубогун жеңип алды. Бул туралуу КР Ушу саньда федерациясынан билдирди.

“Ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы кийинки кездери эл аралык турнирлерде жана чемпионаттарда дайыма жеңиштерге жетишүүдө. Спортчуларыбыз Кытайдын Сиань шаарында 4-6-ноябрда өткөн ушу саньда боюнча Дүйнө кубогунда жогорку статусун дагы бир жолу бекемдешти”-дешти федерациядан.

Бул дүйнө кубогуна Кыргызстандан Авазбек Аманбеков менен Куан Абдыраимов барышкан. Команданы КР Ушу саньда федерациясынын пррезиденти, КРдын эмгек сиңирген тренери Тагайбек Өмүржанов жетектеген.

Египеттин, Вьетнамдын Индонезиянын чемпиондорун артка калтырып, Авазбек Аманбеков 56 кг салмактагы категория боюнча Дүйнө кубогунун алтын медалын , ал эми Куан Абдыраимов 90 кг салмактан ашык категория боюнча коло медалды жеңип алышты.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу