Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/10 16:03
 

Бишкекте бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат

 Бишкекте бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат

Бишкек, 27-октябрь /Кабар/. Бишкекте бильярд боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат, ал 25-октябрда башталган. Биринчи эле күнү Кыргызстандын 5 бильярдчысы динамикалык пирамида боюнча өздөрүнүн алгачкы беттештерин утуп алышкан, чемпионаттын экинчи күнүндө дагы 7 кыргызстандык оюнчу 1/16 финалга чыгышты.

Чемпионаттын фаворити болуп Дастан Лепшаков эсептелинет, ал Даурен Урынбаевди (Казакстан) 7:4 эсебинде, ал эми Каныбек Сагынбаев өзбекстандык Нодирбек Мирзаевди уткан.

Жалпысынан чемпионатка дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 64 бильярдчы катышып, алар олимпиадалык система боюнча күч сынашууда. Чемпионаттын жалпы байге фонду 30 миң АКШ доллары, ал оюнчулар арасында 1-ден 16-орунга чейинки ээлегендерге бөлүнөт. Дүйнөнүн чемпиону 8 миң АКШ доллары, 2-орун 5 миң АКШ долларын, 3-орун 3 миң АКШ долларын алат.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу