Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/10 18:24
 

Санкт-Петербургда алтын медаль утуп алган Кыргызстандык жаш гимнастка Россияда калуу сунушталды

 Санкт-Петербургда алтын медаль утуп алган Кыргызстандык жаш гимнастка Россияда калуу сунушталды

Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. Кыргызстандык жаш гимнаст 2009-жылы туулган Эдель Касенова 24-октябрда Санкт-Петербургда өткөн мелдеште алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине гимнасттын апасы Аида Жумашалиева билдирди.

Анын айтымында, ал алтын медалды предметсиз көнүгүү жана обруч менен көнүгүүдөн алган баллдарынын суммасы боюнча жалпы эсепте алган. “Мелдешке спорттук мектептердин, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Россиянын жана башка шаарларынан гимнасттар катышты”,-деди А.Жумашалиева.

Ал Э.Касенова Россиядагы мелдештердин күзгү сезонун ачты деп кошумчалады. “Мындан мурда кызым Кытайдагы мелдеште 3 алтын медаль утуп алган. Бул биздин 17-алтын медалыбыз”,-деп кубанычы менен бөлүштү А.Жумашалиева.

Ошондой эле, ал кызын Россияга чакырып жатканын кошумчалады. “Мелдештен кийин кызыма ошол жакта калып, Россиянын атынан чыгууну сунушташты. Андан тышкары, кызымдын келеги кең экенин айтышып, стипендия төлөп берүү каалоолорун айтышты. Кытайда дагы ушундай сунуштар түшкөн. Ал эми Кыргызстанда кызымдын жетишкендиктери үчүн грамота дагы берип коюшкан эмес. Мамлекет ушундай балдарга колдоо көрсөтпөгөнү абдан өкүнүчтүү, биз бардык чыгымдарды өзүбүз төлөйбүз”,- деп кошумчалады ал.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу