Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
25/10 10:55
 

Бахрейн жана Филиппиндин командалары менен ойной турган Кыргызстандын курама командасынын тизмеси аныкталды

Бахрейн жана Филиппиндин командалары менен ойной турган Кыргызстандын курама командасынын тизмеси аныкталды

Бишкек, 25-октябрь /Кабар/. Бахрейн жана Филиппиндин командалары менен ойной турган футбол боюнча Кыргызстандын курама командасына талапкерлердин тизмеси аныкталды. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, бул курам Филиппиндин (9-ноябрь) жана Бахрейндин (15-ноябрь) курама командалары менен жолдоштук беттешүүлөргө даярдануу үчүн 1-ноябрда машыгууларын баштайт.
Команданын курамында 23 футболчу бар. Оюн сапарда өтөт.

Дарбазачылар: Павел Матяш («Алга»), Валерий Кашуба («Дордой»), Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»);

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев («Дордой»), Валерий Кичин («Енисей №, Россия), Виктор Майер («Эммен», Голландия), Ильяз Алимов («Алай»), Данила Сокирченко, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев (үчөө тең «Абдыш-Атадан»), Азамат Байматов («Аль-Риффа», Бахрейн).

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков («Егирдиспор», Түркия), Фархат Мусабеков (Крымская «ТСК-Таврия»), Эдгар Бернхардт («Роденхаузен», Германия), Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу (үчөө тең «Дордойдон»), Павел Сидоренко («Алга»), Одил Абдурахмонов («Алай»), Ахлидин Исраилов («Днепр Черкасы», Украина);

Чабуулчулар: Виталий Люкс («Унтерхахинг», Германия), Мирлан Мурзаев («Ушакспор», Түркия), Виктор Кельм (ФК «Бежания», Сербия).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу