Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/10 17:34
 

Кыргыз самбисти ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңип алды

Кыргыз самбисти ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңип алды

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Кыргыз самбисти ардагерлер арасындагы дүйнө чемпиондугунда алтын медаль жеңип алды. Бул тууралуу Самбо эларалык федерациясынын расмий сайтында жарыяланган.

Маалыматка караганда, чемпионат 21-22-октябрда Пореч шаарында (Хорватия) өткөн. Ага 9 спортчудан турган Кыргызстандын курама командасы да катышкан.

74 кг чейинки салмакта 35-39 жаштагы категория боюнча Талас Бегалиев 1-орунду жеңип алды. Ал Украин спортчусу Михаила Ковалевду утуп жеңишке жетишти.

68 кг чейинки салмакта (50 -54 жаштар) Эркинбек Үмөталиев менен 75 кг жогорку салмактагы категорияда Абакар Рысов (100 кг) чемпионаттын күмүш медалынын ээси болушту.

Ал эми коло медалга 35-37 жаштагы категория боюнча Мидин Арыкбаев (82 кг), 45-49 жаштагы категория боюнча Шамыркан Үсөнов (74 кг), 55-59 жаштагы категория боюнча Иличбек Чокоев (90 кг), 55 -59 жаштагы категория боюнча Азатбек Жумабеков (74кг) жана ушул эле жаштагы категория боюнча Абдыгапар Урбаев (100 кг) татыктуу болушту.

Ошентип Кыргызстандын курама командасы 8 медалга – 1 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу