Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/10 10:51
 

Салттуу ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы тайцзи цюань боюнча Польшада өткөн 2-дүйнө чемпионатында ийгиликке жетишти

Бишкек, 24-октябрь /Кабар/. Салттуу ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы тайцзи цюань боюнча Польшада өткөн 2-дүйнө чемпионатында ийгиликке жетишти деп билдирди Салттуу ушу боюнча КР федерациясынан.

Маалыматка караганда, чемпионатта Польша, Кытай, Россия, США, Кыргызстан, Египет, Казакстан, Иран, Индонезия, Түркия, Франция, Норвегия, Малайзия, Болгария, Кувейт жана башка 31 өлкөдөн спортчулар катышты. Кыргызстандыктар Лопаткин Евгенийдин жетекчилигинде 2 алтын, 2 күмүш, 4 коло медалдарды жеңип алышты.

Кыргызстандык 8 ушучу салттуу спорттук оюндардын 17 түрү боюнча эл аралык аренада татыктуу таймашты. Айрыкча куралсыз тайцзи цюань жана кылыччан цзянь стилинде Лопаткин Евгений, Павленко Елена, Косенко Олег, Серякова Любовь, Токтарова Лилия жана Пак Татьяна артыкчылыктуу оюндарды көрсөтө алышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу