Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
22/10 13:10
 

ИИМдин "Алыш" күрөшү боюнча биринчилиги аныкталды

Бишкек, 22-октябрь /Кабар/. КР ИИМнин демилгеси менен милициянын туңгуч генерал-майору Э.Алиевдин жаркын элесине арналган «Алыш» күрөшү боюнча ички иштер органдарынын арасында мелдеш 21-22-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул мелдешке ИИМдин баардык дубандагы башкармалыгынан жана ИИМдин Борбордук аппараты, Э.Алиев атындагы Академиясы, Күзөт кызматы жалпы 13 команда толук катышты. Мелдеш 2 күнгө созулуп, атайын эл аралык даражадагы чебер калыстар тобу түзүлүп, жеӊүүчүлөр 22-октябрда аныкталды.

Мелдештин баш аягына чейин катышкан ИИМдин Кесиптик дене тарбия жана күжүрмөн даярдык боюнча башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Төрөкул Мадамовдун айтымында, бул иш-чаранын Жалал-Абадда өткөрүлүшүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн, даярдыгы жана уюштуруучулугу жогорку деӊгээлде өткөнүн жана мелдештин негизги максаты катары кызматкерлердин кесиптик, күжүрмөн дене-тарбиялык даярдыгын чыӊдоо, ички иштер органдарынын арасында байланыш достукту бекемдөө жана мыктыларды аныктоо болуп саналарын кошумчалады.

Спорттук иш-чаранын жыйынтыктоо бөлүмүнө Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев да катышып, келген конокторго ыраазычылык айты, мыкты спортчуларды акчалай сыйлык менен сыйлады. 
Жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Жалал-Абад ОИИБ, 2-орунду Талас ОИИБ, 3-орунду Ош ОИИБ камсыздашты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу