Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/10 12:53
 

Футбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде коло медалга татышты

Бишкек, 18-октябрь /Кабар/. Футболь боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы Өзбекстанда өткөн CAFA Women’s Cup эл аралык турнирде коло медалды жеңип алышты. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирди.

Турнир 15-17-октябрда Ташкентте өттү. Ага Өзбекстан, Иран, Тажикстан жана Кыргызстандын командалары катышты.

1-оюнда Кыргызстандык кыздар ирандыктарга 1: 4 эсебинде, ал эми Өзбекстандык кыздарга 0:5 эсебинде утулуп калды. Тажикстандык кыздар да 2 оюнда тең жеңилди. Ошондуктан акыркы мачта тажикстандыктар менен ойноп 1:1 эсебинде тең чыкты.

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстан Тажикстандан кошумча көрсөткүчтөрү жагынан алдыга озуп, 3-орунду ээледи. Ал эми ирандыктарды 3:0 эсебинде жеңген өзбекстандык кыздар турнирдин чемпиону болуп калышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу