Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/10 12:39
 

Ош облустук казыяты волейбол боюнча 4-жолку кубоктун ээси болуп, 2016-жылдын супер чемпиону болду

Ош облустук казыяты волейбол боюнча 4-жолку кубоктун ээси болуп, 2016-жылдын супер чемпиону болду

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. Бул боюнча аталган казыяттын машыктыруучусу Акжол Бакиров билдирди. Билдирүүгө ылайык, 15-16-октябрда Баткен шаарында “Тарых жана маданият” жылына карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу түштүк аймактык казыяттар арасында “Спорт ынтымакты, биримдикти бекемдейт жана спорт экстремизм, терроризмге каршы” аталышындагы спорттук мелдештин жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдеште Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун жана Ош шаарынын казыяттарынын командалары күч сынашты. Жыйынтыктоочу турда волейбол оюну боюнча мелдеште Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган Ош облустук казыяты 1-орунду, Жалал-Абад облустук казыяты 2-орунду, Баткен облустук казыяты 3-орунду, Ош шаардык казыяты 4-орунду камсыз кылды. Аталган мелдеш жыл ичинде квартал сайын айлампа түрүндө жалпысы 4 жолу өткөрүлгөн. Ал эми Ош облустук казыяты волейбол боюнча 24 беттеш өткөрүп, бардык оюндарда атаандаштарын абсалюттук түрдө жеңип, 48 упай топтогон жана 4 жеңиш кубогун утуп алуу менен 2016-жылдын супер чемпиону наамына ээ болду.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыяты алдыда дин кызматкерлери арасында өтүүчү Республикалык чемпионаттарга чыгуу боюнча даярдыктарды көрүшүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу