Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/10 10:57
 

Оор атлетика боюнча эл аралык федерация (IWF) допингке каршы жобону бузгандыгы үчүн Иззат Артыковду байгеден четтетти

Оор атлетика боюнча эл аралык федерация (IWF) допингке каршы жобону бузгандыгы үчүн Иззат Артыковду байгеден четтетти

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Оор атлетика боюнча эл аралык федерация (IWF) допингке каршы жобону бузгандыгы үчүн Иззат Артыковду байгеден четтетти. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына таянып ЖМКлар билдирди.

Ошондой эле, Олимпиада оюндарына катышкан дагы 3 спортчу мелдештен четтетилишти.

Ошентип, 2016-жылдагы Олимпиада оюндарында 3-орунду ээлеген Иззат Артыков (Кыргызстан) тыюу салынган стрихнин каражатына допинг-көрсөткүчү оң натыйжа бергендиги үчүн коло медалынан айрылды.

Томаш Зелински (Польша) допинг-тестте оң көрсөткүч чыккандыгы үчүн турнирге 4 күн калганда мелдештен четтетилген.
Ошондой эле, Габриэль Синкраян (Румыния) менен Чагнаадорж Усухбаяр (Монголия) да тыюу салынган дарыны колдонгон деген жүйөө менен оюндан четтетилген.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын УОКу И.Артыковдун байгеден тура эмес четтетилгенин билдирип, CASге апелляциялык арыз менен кайрылган . Бирок, арыз канааттандырылган эмес.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу