Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
13/10 11:03
 

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча чеберлер арасында дүйнө чемпионатында кичи алтын утуп алды

Кыргызстандык спортчу пауэрлифтинг боюнча чеберлер арасында дүйнө чемпионатында кичи алтын утуп алды

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Бакыт Керимбеков чеберлер арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында кичи алтын утуп алды. Бул тууралуу КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы 3-9-октябрь аралыгында Таллин (Эстония) шаарында чеберлер арасында пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионаты болду. Чеберлер 4 курактык категорияга бөлүндү: I – 40-49 жаш; II – 50-59 жаш; III – 60-69 жаш; IV – 70 жаштан жогору.

Кыргызстандан II курактык категрияда 93 кг га чейинки салмактык категорияда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, КРнын пауэрлифтинг боюнча федерациясынын президенти Б.Керимбеков катышты. Б.Керимбеков “жатып көтөрүү” көнүгүүсүндө 220 кг салмактагы штанганы көтөрүп, кичи алтын жеңип алды.

Б.Керимбековдун айтымында, ал үч түрдөгү мелдешке биринчи жолу чыккан, тажрыйбанын аздыгынан үч түрдөгү мелдеш боюнча алдыңкы үчтүккө кирбей калган. “Бирок, “жатып көтөрүү” көнүгүүсүндө мен үч түрдөгү мелдештин катышуучуларынын арасында эң күчтүүсү болгонума жана Кыргызстандын желегин желбиреткениме кубандым”,-дейт ал.

Чебер I курактык категорияда аялдар арасында 63 кг чейинки салмактык категорияда Аккозова Эльмира катышты. Ал 2 кичи коло медаль утуп алды. Үч түрдөгү мелдештин суммасы боюнча Э.Аккозова 4-болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу