Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/10 11:19
 

Футбол боюнча жолдоштук беттеште Кыргызстандын командасы 1-жолу Түркмөнстандын курамасын жеңди

Футбол боюнча жолдоштук беттеште Кыргызстандын командасы 1-жолу Түркмөнстандын курамасын жеңди

Бишкек, 12-октябрь /Кабар/. Футбол боюнча жолдоштук беттешүүдө Кыргызстандын курама командасы 1-жолу Түркмөнстандын курама командасын жеңди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, оюндун башталышында кыргызстандыктар үстөмдүк кылышты, ошентсе да түркмөнстандыктар катуу чабуул жасап турушту. 37-мүнөттө түркмөн оюнчусу эрежени бузуп, бирок Виталий Люкс пенальтини ишке ашыра алган жок.

“2-таймдын 68-мүнөтүндө Тамерлан Козубаев бир топ киргизип, кыргызстандыктарды алдыга чыгарды. Түркмөндөрдүн эсепти теңөө аракети ишке ашпай, оюн 1:0 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын пайдасына аяктады”,-деди ал.

Белгилей кетсек, FIFA рейтингинде кыргызстандыктар 108-орунда, түркмөнстандыктар 116-орунда келе жатат. Бул оюн расмий статуска ээ, тактап айтканда ал FIFAнын рейтингине таасир этет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу