Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/10 17:59
 

Бишкекте Улан Сарыбаевдин элесине арналган волейбол боюнча КР ИИМнин чемпионаты болду

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Бишкек шаарынын ИИБсынын жана “Динамонун” спорт аянтчаларында волейбол боюнча КР ИИМдин чемпионаты болду. Ал 2006-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунда банда топторун жок кылууда курман болгон милициянын улук сержанты Улан Сарыбаевдин элесине арналып өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынын ИИБсынан 13 каманда катышты. Мелдештин протоколуна ылайык, 3-орун үчүн ИИМдин борбордук аппаратынын жана Ош шаарынын ИИБсынын командалары таймашып, 2:1 эсеби менен Ош шаарынын ИИБсынын командасы 3-орунду ээледи. Финалда Чүй облусунун ИИБсы менен Бишкек шаарынын ИИБсынын командалары мелдешип, 3:0 эсебинде Бишкек шаарынын ИИБсынын командасы чемпион болуп калды.

Чемпионаттын салтанаттуу жабылышына ИИМ жетекчилиги, Улан Сарыбаевдин атасы – Молдобек Сарыбаев, бир тууганы - Роман Сарыбаев жана башка жакын туугандары катышты. 3-орунду ээлеген Ош шаарынын ИИБсынын командасы 7000 сом, 2-орунду ээлеген Чүй облусунун ИИБсынын командасы 8000, 1-орунду ээлеген Бишкек шаарынын ИИБсынын командсы10000 сом өлчөмүндө сыйлыкка жана ар бир команда 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу