Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/10 12:32
 

Футбол боюнча улуттук курамада оюнчу алмашты

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, “Дордой” футбол клубунун жарым коргоочусу Азиз Сыдыковдун ден соолугуна байланыштуу улуттук курама командада алмашуу болду.

Анын ордуна «Алай» клубунун курамында ойногон чемпион, жарым коргоочу 24 жаштагы Аброр Кадыралиев чакырылды.

«Кадыралиев тренировкасын баштады. Курама команда (6-октябрь) Ливанга жана Түркмөнстанга (11-октябрь) каршы жолдоштук оюнга даярданып жатат. Оюндар Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Билет баасы 200 сомдон 500 сомго чейин. Аны саат 11:00дөн 20:00гө чейин стадиондун кассаларынан алса болот», - деди Н.Угрюмова.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Ливандын оюну дүйнө жүзүндөгү үй-бүлөлөргө арналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу