Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
03/10 10:45
 

Кыргызстандык спортчу 5-Азия пляж оюндарында алтын медаль утуп алды

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Урмат Мамбетжан уулу 5-Азия пляж оюндарында алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 74 кг салмакка чейинки категорияда пляждык самбо боюнча мелдешке чыккан. Кыргызстанга 1-медалды 77 кг салмакка чейинки категорияда бразилиялык джиу-джитсу боюнча Муртазали Муртазалиев алып келген.

Эскертке кетсек, 24-сентябрдан 3-октябрга чейин Дананг (Вьетнам) шаарында 5-Азия пляж оюндары өттү. Аталган мелдеште пляждык самбо, джиу-джитсу жана муай-тай сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча өлкөнүн намысын 11 спортчу коргошту. 2014-жылы Кыргызстандык спортчулар Таиланда өткөн 4-Азия пляж оюндарында 6 медаль утуп келишкен.

Азия пляж оюндары – ар бир 2 жылда Азия өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында өтүүчү спорттук мелдеш. Оюнда спорттун суудагы түрлөрү боюнча (марафондук сүзүү, парустук спорт, пляждык суу полосу), спорттун белгилүү түрлөрүнүн пляждык варианттары (пляждык футбол, волейбол, баскетбол, самбо, бодибилдинг) жана жарымы кургакта, жарымы сууда ойнолуучу спорттун түрлөрү (триатлон) боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу