Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/09 16:24
 

КРнын триатлон федерациясынын вице-президенти «Темир адам» титулун жеңип алды

 КРнын триатлон федерациясынын вице-президенти «Темир адам» титулун жеңип алды

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. КРнын триатлон федерациясынын вице-президенти Данияр Оморов Сочиде «Темир адам» титулун жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын триатлон федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Данияр Оморов өлкөдөгү экинчи “Темир адам” болуп калды. Өткөн триатлон боюнча «Ironstar Olympic triathlon on Soshi 2016» ачык чемпионатында Кыргызстандык спортчу чоң ийгиликтер менен массалык иш-чараларга катышкан. “Ал 15 саат 13 мүнөттө 3,86 км аралыкты сүзүп, 180 км аралыкты велосипед менен, дагы 42,2 км аралыкты жөө чуркап өткөн”,-деп билдирди басма сөз кызматтан.

Ошондой эле, федерация 2-октябрда КРнын спортчусу ушундай эле мелдешке чыгат деп кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу