Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/09 16:01
 

“Дордойдун” футболчусу Дэвид Тетте командадан чыгып, ойногону Бахрейнге кетти

“Дордойдун” футболчусу Дэвид Тетте командадан чыгып, ойногону Бахрейнге кетти

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине «Дордой» клубунун басма сөз катчысы Кендилбес Мусаев билдирди.
Анын айтымында, “Дордой” курама командасында 9 жылдан кийин чабуулчу Девид Тетте командадан чыгып, Бахрейнге кетти. Ал эми бир жылдык келишимдин негизинде бахрейндин премьер-лигасындагы «Al-Ittihad Club» клубунда ойнойт.

“Анын кетишинин себеби чөйрөдөгү өзгөрүүлөр болду. Ошондой эле, каржы маселесинен дагы көз каранды болду окшойт. Жалпыга белгилүү болгондй арабтар жетиштүү деңгээлде бай адамдар, мүмкүн көбүрөөк сумма сунушташкан”,- деди К.Мусаев.

Ал ошондой эле, азыр оюнчулар алмашпайт, анткени бул өзгөрүү кышында болоорун айтты

“Азыр биз жаңы оюнчуларды каттоого укугубуз жок. Футболго кимдир бирөөнү чакыргыбыз келсе анын атайын чакыруу мөөнөтү болот.
Азыркы тапта трасфердик терезе жабык жана каттоодон эч кимди өткөрө албайбыз. Ал эми “Дордой” клубунун балдар академиясы бар, алар биздин лигага кирген жана дайыма негизги топко кирүүгө абдан кызыгышат”,-деп түшүндүрдү К.Мусаев.

Эскерте кетсек, «Al-Hala» курамында “Дордойдун” эки мурдакы оюнчулары - Дэниел Тэго жана Шерзот Шакиров бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу