Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/09 12:59
 

Кыргызстандык рефери Колумбияда өтүүчү футзал боюнча финалдык оюнуна калыстык кылат

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Колумбиядагы футзал боюнча Россия жана Аргентинанын дүйнөлүк чемпионаттагы финалдык беттешүүсүнө Кыргызстандан ФИФанын рефери катары Нурдин Букуев кошулду. Бул тууралуу ФИФАнын атайын сайты билдирди.

Башкы футболдук уюмдун маалыматы боюнча, Нурдин Букуев бул матчты үчүнчү судья катары тейлейт, ал эми башкы рефери Испаниялык Фернандо Гутиерез Люмбрерас, уругвайлык Даниель Родригез – экинчи, ал эми үчүнчү Нурдин Букуев калыстык кылат.

Россия жана Аргентина курамаларынын беттеши колумбиянын Кали шаарындагы «Колизео эл Пуэбло» стадионунда 1-октябрдан 2-октябрга караган түнү болот.

Россиялык курама шейшемби күнү ирандыктарды 3-4 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу