Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/09 10:42
 

2-октябрда Кыргызстан менен Казакстандын жаштар курама командаларынын жолдоштук беттешүү болот

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. 2-октябрда Кыргызстан менен Казакстандын жаштар арасында курама командаларынын (U-19) ортосунда жолдоштук беттешүү болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР футболь федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, оюн Талгар шаарында (Алма-Ата облусу, Казакстан) өтөт.
“Учурда биздин курама команда Владимир Салонун жетекчилигинде алдыдагы оюнга карата даярдык көрүп, машыгууда. Жаштардын курама командасына 23 футболчу чакырылган. Алардын 11и “Ала-Тоо” топ-лига клубунан”,-деди Н.Угрюмова.

Кыргызстандын жаштар арасындагы курама командасынын (U-19) тизмеси:

- Ырысбек уулу Жанбото («Ала-Тоо»);
- Мамыралиев Сүйүнтбек («Ала-Тоо»);
- Акматов Айзар («Ала-Тоо»);
- Кудайбердиев Арстан («Дордой»);
- Күреңкеев Кубанычбек («Кара-Балта»);
- Курмантай Нуртай («Ала-Тоо»);
- Кадырбеков Кутман («Ала-Тоо»);
- Славный Георгий («Ала-Тоо»);
- Жетибаев Эмир («Ала-Тоо»);
- Сматов Азат («Наше пиво»);
- Жумашев Атай («Наше пиво»);
- Ахметов Абдрасул («Живое пиво»);
- Шаарбеков Кадырбек («Ала-Тоо»);
- Ырысбеков Нурболот («Алай»);
- Мамбеталиев Айдар («Алга»);
- Чабалиев Эрмек («Алга»);
- Жумабаев Мадали («Абдыш-Ата»);
- Мурзашев Азат («Наше пиво»);
- Сарыкбаев Нурланбек («Ала-Тоо»);
- Абай Ербол («Живое пиво»);
- Жумагулов Айдар («Ала-Тоо»);
- Сапарбеков Айдарбек («Живое пиво»);
- Батырканов Эрнст («Ала-Тоо»).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу