Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/09 12:09
 

Кыргызстандык дзюдоисттер бүгүн Грозныйда өтүүчү Эл аралык турнирге катышат

Бишкек, 28-сентября /Кабар/. Кыргызстандык дзюдоисттер бүгүн Грозныйда өтүүчү Эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КРнын дзюдо боюнча улуттук федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 28-сентябрда Грозный шаарында Хусейн Исаевдин элесине арналган дзюдо боюнча турнир башталат. Аталган турнирге Сергей Мистрюков жана Абдужалил Юнусовдун жетекчилиги алдында Кыргызстандан 6 спортчу катышат.

«Турнирдин биринчи күнүндө 73кг чейин, 81 кг чейин, 90 кг чейин жана 100кг салмактык категорияда 4 комплект медаль ойнотулат.

Бүгүн Кыргызстандын атынан мелдешке Владимир Золоев (81 кг чейин) жана Азамат Бектурсунов (90 кг чейин) чыгат», -деп билдирди федерациядан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу