Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
28/09 11:14
 

Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев 5-Азия пляж оюндарында коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев 5-Азия пляж оюндарында коло медалды жеңип алды

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Муртазали Муртазалиев 5-Азия пляж оюндарында коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, бул 5-Азия пляж оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы. М.Муртазалиев 77 килограммдык салмактагы категорияда
бразилиялык джиу-джитсу боюнча таймашкан.

Эскерте кетсек, 27-сентябрдан 3-октябрга чейин Дананг шаарында (Вьетнам) 5-Азия пляж оюндары өткөн. Мелдеште Кыргызстандан 11 спортчу пляж самбосу, пляж күрөшү, джиу-джитсу жана муай-тай боюнча таймашка катышат.

Ал эми 2014-жылы кыргызстандык спортчулар Таиландда өткөн 4- Азия пляж оюндарында пляж самбосу, пляж күрөшү жана тай боксу боюнча 6 медаль жеңип алышкан.

Белгилей кетсек, Азия пляж оюндары Азиянын Олимпиада Кеңешинин колдоосунда эки жылда бир жолу өтүп турат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу