Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/09 15:28
 

Адам Яндиев: «Мен Кыргызстандагы ММА федерациясын дүйнөлүк деңгээлге чыгарам»

Бишкек, 27- сентябрь /Кабар/. Мен Кыргызстандагы башка ММА федерациялары менен атаандашуу үчүн эмес, аны дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү үчүн келдим. Бул тууралуу КР ММА федерациясынын президенти Адам Яндиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал Кыргызстан мушкерлеринин мүмкүнчүлүгүн байкаган жана аларга колдоо көрсөтүп, жардам берип, Кыргыз Республикасынын желегинин эл аралык мелдештерде көтөрүлүшү керектигин белгиледи. “Мен мушташтарга чыкпай калгам, бирок бул иштин чеберимин, мыкты адисмин деп айтсам болот. Мен бардык билимимди балдарга берем”,-деди Яндиев.

Ал ошондой эле, дүйнө жүзүндө мушкерлер көп, бирок UFC оюндун кызыктуулугуна карайт. “Мындан тышкары, шоуга басым жасайм. Эгерде оюндун кызыктуусун Кыргызстанга көрсөтсөк, аны бардыгы билип калат”,- деп айтты ал.

Мындан тышкары, А.Яндиев алдыда койгон максаттары тууралуу ой бөлүшүп, Бишкекте спортзал кура турганын айтып, ага спортчулар келип, бекер машыгып кетсе боло турганын белгиледи. «Биз эл аралык машыктыруучуларды чакырып мастер-класс өткөрөбүз жана өзүм дагы машыктырып, балдарды үйрөтөм”,-деди мушкер.

Акырында ал Кыргызстан тууралуу ою менен бөлүштү. “Алгач келгенде абдан таң калгам. Ушунча кооз жерлер бар экенин билген эмесмин. Кыргыздар абдан өнүккөн жана кооз жаратылышка бай. Кыргызстан менин экинчи өлкөм деп сездим”,-деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу