Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/09 12:16
 

Белгилүү орус мушкери Адам Яндаев Кыргызстандагы MMA жаңы федерацияны жетектейт

 Белгилүү орус мушкери Адам Яндаев Кыргызстандагы MMA жаңы федерацияны жетектейт

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Белгилүү орус мушкери Жамал Адам Яндаев Кыргызстандагы жаңы ММА (аралаш күрөш өнөрү) федерациясын жетектейт. Бул туурасында бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында КР спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо мамлекеттик ишканасынын башкы жетекчиси Эдил Касенов билдирди.

Анын айтымында, жаңы федерациянын расмий ачылышы 10-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт.
Ошондой эле, ал көрүчүүлөрдүн кызыгуусун жараткан күрөштөр, мындан сырткары эң сонун шоу-программа болуп, кеченин башкы коногу россиялык белгилүү репер Джиган болмокчу.

«Сюрприздер эң башында эле башталат. Шоу программанын негизи болгон күрөш бул жөн гана спорт эмес - ал жашоо. Ал эми ачылыш аземи Бишкек шаарынын бардык жашоочуларына, күрөштүн сүймөнчүлөрүнө шаңдуу концерт жагат жана кызыктуу болот деп ишенебиз”,- деди Э.Касенов.

Ал федерациянын ачылышы Кыргызстанда мушкер өнөрүн өнүктүрүүнүн жаңы тармагы болуп калат, ошондой эле кыргыз-орус мамилесинин өнүгүшө жана жаштарга акыйкат менен кантип күрөшүү керек экенин билүүгө жардам берет деп белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу