Спорт

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
26/09 18:22
 

“Алай” “Алганы” утуп, КР чемпионатында биринчиликке чыкты

Бишкек, 26-сентябрь /Кабар/. “Алай” командасы “Алганы” утуп футболь боюнча КР чемпионатында биринчиликке чыкты. Бул тууралуу КР Футболь лигасынын басма сөз катчысы Базарбек Абдураимов билдирди.

Анын айтымында, өткөн ишембиде “Алга” менен “Алай” командалары беттешип, 1:0 эсебинде Оштун “Алай” командасы жеңип алды.
“Эми дагы 4 тур бар. «Алга», «Алай» жана «Дордой» командаларынын ортосунда таймаш жүрөт.

“Өлкөнүн биринчилигинде «Дордой» менен «Алай» алдыда бара жатышат. Экөө тең 35 очкодон топтошту. “Алганыкы” алардан 2 очкого кем. «Абдыш-Ата» 17, «Кара-Балта» 10 очкого ээ. Арткы орундарды «Алдиер» менен «Ала-Тоо» ээлеп турушат. Аларда 7 жана 6 очко бар”,-деди Б. Абдураимов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу