Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/09 11:20
 

Кыргызстандын спортчулары Вьетнамда өтөт турчу 5-Азиялык пляж оюндарына катышат

Бишкек, 22-сентябрь /Кабар/. 2016-жылдын 24-сентябрынан 3-октябрга чейин Данангда (Вьетнам) 5-Азиялык пляж оюндар башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчулар спорттун 4 түрү боюнча катышат: пляж күрөшү, самбо, джиу-джитсу жана муай Тай.

Мындан тышкары, басма сөз кызматы маалымдагандай Данангда Азиянын Олимпиадалык кеңешинин башкы ассамблеясынын жыйыны өтөт, ага КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов катышат. Кыргыз спортчулар делегациясын Мамагенттиктин массалык спорттук иштер боюнча бөлүмдүн башчысы Канатбек Арпачиев жетектейт.

Азия пляж оюндары Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын арасында эки жылда бир өткөрүлө турчу спорттук иш-чара.

Оюнда суу спортунун түрлөрү (чуркоо, сууда сүзүү, парустук спорт, пляж суу поло) боюнча жана пляждык спорттун түрлөрү (пляж футболу, волейбол, баскетбол 3х3, самбо жана бодибилдинг), ошондой эле жарым-жартылай сууда жарым-жартылай кургак жерде өтүүчү оюндар (Триатлон боюнча) боюнча мелдештер болот.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Таиланддагы IV Азиялык пляждык оюндарда кыргыз спортчулары самбо, пляж күрөшү жана тай боксу боюнча 6 медаль утуп келишкен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу