Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/09 15:34
 

Максат Чакиев: «Айкүр – эркектерге ылайыкталып, алтын чүкөлөр менен үстөл үстүндө ойнолгон оюн»

Максат Чакиев: «Айкүр – эркектерге ылайыкталып, алтын чүкөлөр менен үстөл үстүндө ойнолгон оюн»

Бишкек, 21-сентябр /Кабар/. Бишкекте бүгүн улуттук айкүр оюнунун бет ачары болду. “Айкүр” федерациясынын башкы катчысы Максат Чакиевдин айтымында, көчмөндөрдүн айкүр оюну заманбап, конфорттук шарттарга ылайыкталып иштелип чыкты. Барынан мурда ал бильярд оюнуна альтернатива болуп калды.

“Бабаларыбыз айкүрдү миңдеген жылдар бою ойноп келишкен, биз бул оюнду кайрадан жараттык. Мурда ал жерде ойнолуп келсе, эми үстөл үстүндө алтын чүкөлөр менен ойнолот. Оюндун башкы өзгөчөлүгү – чүкөлөр бильярд үстөлүнө окшогон атайын үстөлдөрдүн үстүндө жайгашат”,-деди М.Чакиев.

Ал ошондой эле айкүр оюну менен мурда колунда бар адамдар ойношкондугун билдирди. “Айкүр” элиталык оюн гана болбостон, спорт, айрыкча этноспорт болуп эсептелет. Бильярд үстөлүнүн жанында эркектер бизнес, саясат жана башка маселелерди талкуулашат эмеспи. Айкүр үстөлүндө да ушундай эле маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү болот”,-деп айтты ал.

Федерациянын башкы катчысы быйыл бильярд салондоруна бирден айкүр үстөлүн жайгаштыруу пландалып жатканын маалымдады. “2017-жылы “Айкүр” федерациясын Казакстанда да ачып, айкүр оюну боюнча чемпионат уюштурууну пландап жатабыз”,-деп кошумчалады М.Чакиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу