Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/09 11:57
 

Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду Ош аэропортунан шаар жетекчилери тосуп алышты

Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду Ош аэропортунан шаар жетекчилери тосуп алышты

Бишкек, 21-сентябрь /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Ош Эл аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча 69 кг салмакта дүйнө чемпиондугуна ээ болгон Ош шаарынын спортчусу Акжол Махмудовду Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, спортчунун туугандары, жакындары жана шаар жаштары тосуп алышты. Андан соң, атайын уюштурулган авто унааларда спортчуну даңтап шаар кыдырышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

“Спорттун тарыхында спортчулар өз мамлекетин дүйнө жүзүнө таанытып келишкен. Мына ошолордун катарын толуктап, баарыбызга жеңиш тартууладың. Биз келечекте сенден жаңы жетишкендиктерди күтөбүз. Ал үчүн Ош шаарынын мэриясы ар тараптан колдоого даяр”,-деди шаардын вице-мэри Шухрат Сабиров.

“Өлкөбүздүн, сүйүктүү шаарыбыздын намысын чет өлкөдө коргоп, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретиш биз үчүн сыймык. Бизди ушундай мелдештерге жиберип, жетишкендиктерде колдогон ата-энелерибизге, Ош шаарынын мэриясына, шаардык дене тарбия жана спорт комитетине, машыктыруучуларыбызга чоң рахмат”,- деп билдирди Акжол Махмудов.

Эске салсак, 13-18-сентябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону аталган.

Маалыматка караганда 14-сентябрь күнү 69 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Махмудов жалпысынан төрт беттеш өткөргөн. Бул салмакта 25 өлкөнүн балбандары байге үчүн күч сынашууга чыгышкан. Махмудов алгачкы беттешинде 1/8 финалда армениялык Малкхас Амоянды килемге далысын таза тийгизип 8:2 эсебинде утуп алган Чейрек финалда жапониялык Гакуо Тагучини 8:0 эсебинде,жарым финалда белорусиялык Артем Валасковичти дагы 8:0 эсебинде ири айырма менен жеңген. Финалда азербайжандык Улву Ганизаде менен таймашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетип алтын медаль тагынды.

1 из 8

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу