Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/09 18:43
 

Нурбек Алимбеков: “Кыргызстанда Волейболду өнүктүрүү борборун түзүүгө баардык шарттар бар”

 Нурбек Алимбеков: “Кыргызстанда Волейболду өнүктүрүү борборун түзүүгө баардык шарттар бар”

Бишкек, 19-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков бүгүн, 19-сентябрда Волейбол боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын вице-президенти Иса Хамза Альфайлакави менен Кыргызстанда волейболду өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеъештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Волейбол боюнча Азия конфедерациясынын башкы катчысы Сунил Денг, КР Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков, КР Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев катышты.

Жолугушууда Н.Алимбеков Кыргызстанда волейбол жигердүү өнүгүп жаткандыгын айтып, анын калк арасында популярдуулугу улуттук оюндардан кийинки эле экинчи орунда турарын белгиледи. Ал меймандарга 2018-жылы өтө турган Волейбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка карата үстүбүздөгү жылдын 15-17-сентябрь күндөрүндө Чолпон-Ата шаарында өткөн тандоо этабына берген жогору баасы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошону менен катар Кыргызстандын курама командасы Мальдив аралдары менен Бангладештин курама командаларын утуп, 2018-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка тандоочу этаптын кийинки айлампасына өткөндүгү айтылды.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Волейбол боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын колдоосу менен Волейболду өнүктүрүү борборун ачууну сунуштады. “Кыргызстанда волейболду өнүктүрүү борборун түзүүгө баардык шарттар бар”,- дейт Н.Алимбеков.

Волейбол боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациянын вице-президенти Иса Хамза Альфайлакави Кыргызстандын курама командасынын волейболчуларынын жогорку деңгээлине токтолду. Ал Кыргызстанда волейболду өнүктүрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ачыктады.
Жолугушууда тараптар мындан сырткары, Кыргызстанда спорттун бул түрүн өнүктүрүү маселелери боюнча кеңири пикир алышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу