Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/09 16:34
 

Москвада алгачкы «Айкөл» аралаш таймаш кыргыз клубунун расмий ачылышы болот

 Москвада алгачкы «Айкөл» аралаш таймаш кыргыз клубунун расмий ачылышы болот

Бишкек, 19-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин колдоосу менен 22-сентябрда Москвада алгачкы «Айкөл» аралаш таймаш кыргыз клубунун расмий ачылышы болот.

«Айкол» күрөш клубунан билдиргендей, ачылыш аземине КРнын РФдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КР ИИМ РФгы расмий өкүлү Аскат Алиевдер катышат. Ошондой эле, ачылыш аземинде турнирлерди тейлөөчү Лига AiKOl FC спорт калыс Агенттиги Игорь Демидов менен “Айкөл” таймаш клубунун негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбековдун ортосунда келишимге кол коюлушу күтүлөт.

Салтанаттуу ачылыш аземинин алкагында 23-сентябрда кесиптик WEF Selection 5-турнири өтөт. Таймашка Кыргызстан, Россия, Тажикстандын жана башка өлкөлөрдүн балбандары катышат. Турнирдин негизги күрөшүндө WEF башкы куруна “Айкөл” клубунан Чынтемир Урматбек уулу, ал эми “Pamir Fighters” таймаш клубунан Якин Муккадамшоев (Тажикстан) чыгат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу