Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/09 16:45
 

Мээрим Жуманазарова кадеттер арасында дүйнө чемпиондугу үчүн күрөштө коло медалды жеңип алды

Бишкек, 16-сентябрь /Кабар/. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова кадеттер арасында дүйнө чемпиондугу үчүн аялдар күрөшүндө коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине республикалык атайын олимпиадалык резерв балдар мектебинин директорунун орун басары Шаадатбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында турнир 14-18-сентябрда Тбилисиде (Грузия) өтүүдө. Ага Кыргызстандан Даяна Жакып кызы менен Мээрим Жуманазарова катышууда.
“65 кг салмактык категория боюнча коло медаль үчүн таймашта Мээрим Жуманазарова литвалык спортчу Аукса Руткаускайте менен күрөшүп, 10:00 эсебинде утуп, коло медалды жеңип алды”, –деди Ш. Акматов.

Ошондой эле, ал ушул эле турнирде 16 жаштагы кыргызстандык Акжол Махмудов Армениянын, Жапониянын, Беларуссиянын жана Азербайжандын спортчуларын жеңип алтын медалдын ээси болгондугун айтты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу