Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/09 17:02
 

Кыргызстандын курама командасы Индиядагы Азия чемпионатында дзюдо боюнча үч күмүш медаль утту

Бишкек, 15-сентябрь /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Индияда өткөн Азия чемпионатында дзюдо боюнча үч күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык адистештирилген жаштар мектебинин олимпиадалык күрөштүн түрлөрү боюнча резервинин директорунун биринчи орун басары Шаадатбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, 8-11-сентябрда Коччиде (Индия) Азия чемпионатына балдар жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча биринчилик болуп өттү.
Ага 22 өлкөдөн келген спортчулар жана Кыргызстан дагы катышты.

“Азия биринчилигинде мелдештин жыйынтыгы боюнча дзюдодон 3 күмүш медаль,1 коло жана 2 спортчу 5 орунду алды”,-деди Ш.Акматов.

Ошентип, Азамат Бектурсунов (60 кг чейинки салмактык категория), Адиль Мырзаев (66 кг чейин) жана Богдан Филлипов (81 кг чейин) «күмүш», Тимур Кумуркулов (50 кг чейин) «коло» медалды утушту, ал эми Рустам Турузбеков (73 кг чейин) менен Керим Казатовдор 5-орунга (100 кг чейин) татыктуу болушту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу