Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/09 15:24
 

Кыргызстандык Жыргалбек Орозбаев Риодогу жайкы Паралимпиадалык оюндарында 6-орунду ээледи

Бишкек, 15-сентябрь /Кабар/. Кыргызстандык Жыргалбек Орозбаев Риодогу жайкы Паралимпиадалык оюндарында пауэрлифтинг боюнча 6-орунду ээледи. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук паралимпиадалык комитеттин директору Абдуалим Нишанов билдирди.

Анын айтымында, 107 кг чейинки салмактык категорияда пауэрлифтинг боюнча мелдешке Жыргалбек Орозбаев чыккан.

«Биринчи жолку аракетинде Ж.Орозбаев 203 кг салмактагы штанга көтөргөн. Калган эки аракет ийгиликсиз болду. Жыйынтыгында ал 6-орунга ээ болду. Ал жерде Египет жана Ирандан күчтүү спортсмендер бар экен”,-деди А.Нишанов.

Эскерте кетсек, бүгүн Паралимпиадалык оюндарда акыркылардан болуп Арстанбек Базаркулов чыгат.

Буга чейин ал ядро ыргытуу боюнча турнирге катышып, 9-орунду алган. Бүгүн ал дагы бир жолу найза ыргытуу боюнча өз күчүн сынап жатат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 19:00дө өтөт.

Эскерте кетсек, Риодогу Паралипиадалык оюндарга Кыргызстандан 3 спортсмен катышып жатат: пауэрлифтер боюнча спортчу Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил отлетика боюнча Арстанбек Базаркулов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу