Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
14/09 12:46
 

Чолпон-Атада XVI Эл аралык Ысык-Көл оюндары старт алды

Бишкек, 14 сентября /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда XVI Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдештин ачылыш аземине агенттиктин директорунун орун басары Руслан Жуманазаров, Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев жана башкалар катышты.

Иш-чаранын ачылышында оюндун катышуучулары тааныштырылды. Ысык-Көл оюндарына Венгрия, Германия, Казакстан, Латвия, Орусия, Түркмөнстан, Бангладеш, Мальдив аралдары жана Кыргыз Республикасынын спортчулары катышат.

Мелдештин программасында армрестлинг, стритбол, волейбол, гиря көтөрүү, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, аймактык футбол, стол тенниси, кум үстүндөгү күрөш, кум үстүндөгү самбо, бука тартыш, сууда сүзүү, кум үстүндөгү волейбол, аркан тартыш жана массалык чуркоо сыяктуу спорт түрлөрү бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу