Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
09/09 16:44
 

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ЕБ өлкөлөрүнүн спортчулары 17 медаль жеңип алышты

Бишкек, 9-сентябрь /Кабар/. Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгү дүйнөнүн жүздөгөн спортчуларынын жана миңдеген көрүүчүлөрүнүн башын бириктирген 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасын куттуктады. Бул тууралуу ЕБнын КРдеги өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Катышуучулардын арасында 11ЕБга мүчө өлкөлөрдүн - Чехия, Эстония, Финляндия, Германия, Венгрия, Италия, Латвия, Литва, Нидерланддар, Польша, Словакиядан 58 спортчу келген.

Көчмөндөр оюндарында европалык спортчулар 17 – 2 алтын, 3 күмүш, 12 коло медалды жеңип алышкан.

Мында:
Словакия – 1 алтын, 2 күмүш;
Венгрия – 1 алтын, 4 коло;
Польша – 1 күмүш, 1 коло;
Литва – 5 коло;
Латвия – 2 коло жеңип алган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу