Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/09 14:28
 

Жорго салышта кыргызстандык Мыктыбек Токтосунов Вулкан аттуу аты менен баш байгени жеңип алды

 Жорго салышта кыргызстандык Мыктыбек Токтосунов Вулкан аттуу аты менен баш байгени жеңип алды

Чолпон-Ата, 8-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн жорго салышта кыргызстандык Мыктыбек Токтосунов Вулкан аттуу аты менен биринчиликти жеңип алды.
Мыктыбек Токтосунов 1-орунга 700000 сомго ээ болду.

Жеңүүчүнүн айтымында, Вулкан өзү табиятынан күчтүү ат.

"Мен жарыштын башында эле алдыга чыкканымдын себеби атты күчкө салып чапканым. Вулкан 6 жашта. Атым экөөбүз көп убактан бери эле 1 номурда чыгып, номерге төп келишип алдыңкы орундарга ээ болуп келе жатабыз. Ар дайым Кыргызстандын гана атынан чыгып, өлкөнүн намысын коргоп келебиз", - деди М.Токтосунов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу