Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/09 17:02
 

Чолпон-Атада алыштын эркин түрү боюнча күрөш болуп өттү

 Чолпон-Атада алыштын эркин түрү боюнча күрөш болуп өттү

Чолпон-Ата, 7-сентябрь/Рахат Саламатова-Кабар/. Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде алыштын эркин түрү боюнча күрөш болуп өттү.

Күрөштү көрүүгө келгендердин саны көп болуп, мелдештер көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

Бүгүн Анара Рыскулова алыштын эркин түрү боюнча 55 кг салмагында Кыргызстандын намысын коргоп чыгып, 4:5 упайы менен Өзбекстандын спортчусуна утулуп калды. Мелдеш учурунда Кыргызстан тарап калыстын туура эмес упай бергендерин белгилеп, бирок Анара Рыскулованын таламын коргой албай калышты.

Алардын айтымында, эки тарап бирдей упай менен келе жатканда таблого Өзбекстан тарапка 1 упай ашыкча жазылып кеткен.
Алыштын эркин түрү боюнча жыйынтыктар бүгүн кечинде белгилүү болот.

1 из 5

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу