Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/09 18:30
 

ДКО-2016: Түркиянын жана Кыргызстандын командалары жиритте алтын медаль жеңип алышты

Бишкек, 7-сентябр /Кабар/. Бүгүн 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарынын ат майданында жирит (ат чаап баратып найза ыргытуу) ) – түрк элинин улуттук ат спорту оюну боюнча алтын медаль үчүн Кыргызстандын жана Түркиянын курама командалары таймашты.

Кыргызстан үчүн Орузбай уулу Руслан, Нияз уулу Таалай, Айып уулу Айбек, Мамыш уулу Ильяз, Шаршенбай уулу Мирбек жана Суербаш уулу Нурбек, ал эми Түркия үчүн Эрдоган Инжесу, Жумхур Озтурк, Сердар Коркмаз, Лютфуллах Арине, Ахмет Бурак, Муаром Фидан жана Селчук Сойлолиз таймашка чыгышты.

1-таймда командалар 30 баллдан алышты. 2-таймда да тең чыгышып 50 баллдан топтошту. Калыстар 2 команда тең жеңишке жетишти, деп чечишип, экөөнө тең алтын медаль жана ар бир командага 250 миң сомдон сыйлык ыйгарышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу