Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/09 15:01
 

ДКО 2016: «Чоң ат чабыш» боюнча таймаш жыйынтыкталды

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. Кечээ Кырчын жайлоосунда (Ысык-Көл облусу) II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында атчандардын «Чоң ат чабыш» боюнча таймашы болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Россия, Казакстан жана Кыргызстандан 23 спортчу катышты. Башкы байге фонду 850 миң сомду түздү. Бардык сыйлыктарды кыргызстандыктар утуп алды.

1-орунга «Ак-Кула» аты менен Жеңиш Батыркулов ээ болуп, ал 400 миң сом алды, 2-орунга «Ноорус» деген аты менен Чынгыз Иманалиев ээ болуп, 150миң сом утуп алды, 3-орунга «Көксере» аты менен Рысбек Каримов ээ болуп, 100 миң сом утуп алды.

«Чоң ат чабыш» - алыстыкка чабуу оюну. Команда мүчөлөрү – 4 кишиден турат: 2 чабандес, 1 машыктыруучу, 1 ветеринар врач. Чабандестердин жашы 18 жаштан өйдө болушу керек. Таймашка 4 жаштан ашкан аттар катыша алат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу