Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/09 13:02
 

ДКО-2016: «Алыш» күрөшү боюнча таймаштар башталды

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана спорт комплексинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алкагында аялдар жана эркектер арасында “Алыш” күрөшү боюнча кезектеги таймаш башталды. Бул туралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Эркин мелдеш боюнча сынакка 34 өлкөдөн жалпысынан 140 спортчу катышат, анын ичинен 84 эркектер, 56 аялдар.

Мелдештер төмөнкү категориялар боюнча өтөт:

Эркектер - 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг жана +100 кг.
Аялдар - 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Маалымат: «Алыш»-бел күрөшү. Команда мүчөлөрү - 14 адам: 12 балбан (6 эркек, 6 аял), 1 машыктыруучу, 1 судья. Мелдешке 18 жаштан жогоркулар өткөрүлөт.
Бүгүн “Алыш” күрөшү боюнча эркектерге жана аялдарга сыйлык тапшыруу аземи болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу