Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/09 11:19
 

ДКО-2016: Кыргызстандын балбандары кыргыз күрөшү боюнча бардык алтын медалдарды жеңип алышты

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү. Ага 26 өлкөдөн 7 салмактагы категория боюнча 96 спортчу катышты. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

55 кг чейин:
1 -орун – Тынчтыкбек уулу Бекзат (Кыргызстан)
2-орун – Ибатуллин Илфак (Россия)
3 -орун – Гарипов Риназ (Татарстан)
3 -орун – Оспан Даулбай (Казакстан)

60 кг чейин:
1-орун – Алыбеков Сымбатбек (Кыргызстан)
2-орун – Айткалы Айылбек (Казакстан)
3-орун – Элиазов Фарид (Азербайжан)
3-орун – Отгон Чинбат (Монголия)

66 кг чейин:
1-орун – Садыбеков Зиямидин (Кыргызстан)
2-орун – Искаков Куаныш (Казакстан)
3-орун – Халигурбанов Медет (Түркмөнстан)
3-орун – Мавлияров Артур (Башкырстан)

74 кг чейин:
1 -орун– Усенов Тариел (Кыргызстан)
2-орун – Камолов Саиднаби (Тажикстан)
3-орун – Тот Роберт (Венгрия)
3-орун – Хагио Гейбор Ференс (Венгрия)

84 кг чейин:
1 -орун – Кожомуратов Бектурган (Кыргызстан)
2-орун – Каллимулин Ренас (Татарстан)
3-орун – Шаймуханов Курмангазы (Башкырстан)
3-орун – Иагмыров Губанч (Түркмөнстан)

96 кг чейин:
1 -орун – Кожобеков Нурбек (Кыргызстан)
2 -орун – Закиряев Сунгат (Казакстан)
3-орун– Шарипов Хуршед (Тажикстан)
3 -орун – Олзвол Гантумур (Монголия)

96 кг. дан өйдө:
1 -орун – Кушубаков Бекболсун (Кыргызстан)
2-орун – Арсланов Рустем (Башкырстан)
3-орун – Балиянов Дмитрий (Россия)
3 -орун – Дорж Анар (Монголия)

Белгилей кетсек, 7 салмактагы категория боюнча Кыргызстандын балбандары бардык алтын медалдарды жеңип алышты.

Маалымат үчүн: Команданын курамы – 8 адам: 7 спортчу, 1 машыктыруучу. Мелдеш эркектер арасында төмөнкү салмактык категорияда өттү: 55 кг, 60 кг, 66 кг, 74 кг, 84 кг, 96 кг, + 96 кг.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу