Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
07/09 11:15
 

Кыргызстандын футбол курама командасы жолдоштук мелдеште утулуп калды

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. Кыргызстан-Филиппин футбол курама командаларынын ортосунда жолдоштук мелдеш өтүп, анда Кыргызстан курамасы 2:1 эсебинде утулуп калды.

Аталган мелдеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюн абдан кызыктуу болду, эки команда тең оюнда мыкты даярдыктарын көрсөткөн.

Биринчи таймда кыргызстандын курама тобу мыкты оюн көрсөтүп, бир гол киргизди. Ал эми биринчи таймдын 43 мүнөөтүндө Филиппин курамасынын оюнчусу Кевин Ингресо бир гол киргизгенге жетишти. Экинчи таймдын 53-мүнөтүндө филиппиндиктер кайрадан экинчи голун киргизишти.
Жыйынтыгында 1:2 эсебинде кыргыз курама тобу жеңилип калды.

Эскерте кетсек, оюн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоого арналган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу