Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
06/09 16:44
 

ДКО-2016: Көк-Бөрү боюнча топтук баскычтын акыркы үчүнчү туру аяктады

Бишкек, 6-сентябрь /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Көк-Бөрү боюнча топтук баскычтын акыркы үчүнчү туру аяктады. Бул тууралуу  Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Биринчилерден болуп аянтка Кытай курама командасы жана оруссиянын Красноярск шаарынан келгендер чыгышты. Кызуу оюндун жүрүшүндө Кытай оюнчулары 3:2 эсебинде аттандаштарын жеңип чыгышты.

А тобундагы үчүнчү айлампа Казахстан жана АКШ командалары 15:5 эсебинде аяктаган.
Оюндун натыйжасында А тобунда Казакстан биринчи орунду алып, Кытай экинчи орунга ээ болду. экинчи орунду ээлеген. Ошентип, финалга Казакстан чыкты, ал эми Кытай курама командасы Бтобундагы экинчи орунга ээ болгондор менен үчүнчү орун үчүн ойношот.

Б тобунда Кыргызстан менен Афганистандын курама командаларынын беттеши аяктады.
Анда афганистандын курама командасы техникалык себептерден улам баш тартып, Кыргызстандын командасы утушка ээ болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу