Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
06/09 11:22
 

Бишкекте бүгүн футбол боюнча Кыргызстан менен Филиппиндердин курама командаларынын жолдоштук беттеши болот

Бишкек, 6-сентябрь /Кабар/. Бишкекте бүгүн футбол боюнча Кыргызстан менен Филиппиндердин курама командаларынын жолдоштук беттешүүсү болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР футбол федерациясынын басма сөз катчысы Наталья Угрюмова билдирди.

Анын айтымында, оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.
Ал ошондой эле, аталган беттеш майып балдарга арналып өткөрүлөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, 30-августта Бишкекте Кыргызстандын курама командасы Казакстандын курама командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу