Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/09 10:01
 

Көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы Башкортостандын курамасын жеңди

 Көк бөрү боюнча Кыргызстан курама командасы Башкортостандын курамасын жеңди

Бишкек, 6-сентябрь /Кабар/. 5-сентябрда Чолпон-Атадагы ипподромдо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Б” тобунда көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Башкортостандын курама командарларынын ортосунда мелдеш болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз оюнчулары 60 мүнөттүн ичинде атаандаштарынын тайказанына улакты 26 ирет таштады. Бул көк бөрүдө кыргыз оюнчуларынын алгачкы ири жеңиши, буга чейин мындай жыйынтык менен эч бир команда жеңген эмес. Ал эми башкыр оюнчулары 5 ирет улакты таштоого үлгүрүшкөн.

Афганистан менен Түркиянын командаларынын ортосундагы пландалган мелдеш түркиялык команданын жоктугунан болгон жок. Ушуга байланыштуу калыстар түрк командасын техникалык жеңилди деп эсептеди. Афганистан курамасы кечээ болгон башкирия командасы менен беттеште жеңилүүдөн кийин өзүнүн 1-упайын алды.

Бугун, 6-сентябрда көк бөрү боюнча топтук мелдештер аяктап, жарым финалга чыккан командалар аныкталат. 7-сентябрда 3-орун үчүн, ал эми 8-сентябрда финалдык беттеш болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу