Спорт

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
06/09 09:47
 

Гюлеш күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 4 медаль утту

Бишкек, 6-сентябрь /Кабар/. Кечээ II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ден соолукту чыңдоочу жана спорт комплексинде (Чопон-Ата шаары) эркектер арасында гюлеш күрөшү (Азербайжан күрөшү) боюнча таймаш болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка 13 өлкөдөн (Россия, Шриланка, Кыргызстан, Пакистан, Азербайджан, Казахстан, Туркменистан, Иран, Өзбекистан, Белорусия, Таджикистан, Монголия жана Латвия) келген 44 спортчу катышты. Жалпысынан 24 медаль ойнотулду: 6 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль.

Акыркы жыйынтыгы:
50кг чейин:
1 орун – Салманов Шахрияр (Азербайджан);
2 орун – Кадырбек уулу Бердибек (Кыргызстан);
3 орун – Холматов Рахимжан (Узбекистан).

60 кг чейин:
1-орун – Алиев Галиб (Азербайджан);
2-орун – Махмудов Ахлиорбек (Өзбекстан);
3-орун – Сатбаев Дидар (Казахстан);
3-орун – Илфак Ибатилин (Россия).

70 кг чейин:
1-орун – Азимов Жошгун (Азербайджан);
2-орун – Токтобаев Бекжан (Кыргызстан);
3-орун – Одилов Махмуджон (Узбекистан);
3-орун – Фарид Мурсалов (Россия).

80 кг чейин:
1-орун – Исрафилли Бахтияр (Азербайджан);
2-орун – Музаппаров Эрсултан (Казахстан);
3-орун – Фейзи Махди (Иран);
3-орун – Жанис Рериш (Латвия).

90 кг чейин:
1-орун – Вафаепур Хади (Иран);
2-орун – Алиев Турал (Азербайджан);
3-орун – Болотбек уулу Жандарбек (Кыргызстан);
3-орун – Рахид Намидли (Азербайджан).

90 кг жогору:
1-орун – Барбат Аболфази (Иран);
2-орун – Бакиров Роман (Азербайджан);
3-орун – Андрис Озолинс-Озолс (Латвия);
3-орун – Амиль Жоробеков (Кыргызстан).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу