Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/09 18:19
 

ДКО-2016: Түркмөндөрдүн гореш күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды

ДКО-2016: Түркмөндөрдүн гореш күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкек, 5-сентябрь /Кабар/. Ысык-Көлдөгү 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан түркмөндөрдүн гореш күрөшүнүн жеңүүчүлөрү аныкталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы маалымдагандай, 1-орунду абсолюттук салмак категориясында түркмөнстандык Реджепалы Орозалыев, 2-орунду кыргызстандык Камолиддин Абдурахимов, ал эми 3-орунду россиялык Дмитрий Балианов жана Ирандык Мохаммеди Абдолвахед ээледи.

2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-сентябрда башталды, ал 8-сентябрга ейин Ысык-Көлдө өтөт. Ага 62 өлкөдөн спортчулар катышып, спорттун 26 түрү боюнча мелдештер өтөт. Анда жалпысынан 387 медаль ойнотулат. Ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарынын 500дөн ашык өкүлдөрү оюндарды чагылдырууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу