Спорт

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
05/09 18:05
 

Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн 7 түрү боюнча мелдештер өтүүдө

Чолпон-Ата, 5-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. Чолпон-Атада курулган Дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн 7 түрү боюнча мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоочу комплексинде өткөрүлүп жаткан 7 спорттун түрүнө жооптуу адис Эркинбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, оюндар 3-сентябрда күрөштүн түрүнө кирген таяк-тартыш менен башталган. Анын жыйынтыгында 1-орунду Россия командасы, 2-орунду Кыргызстан, 3-орунду Казакстан алды.

Ал эми кече, 4-сентябрда казак күрөшү башталган. Анда, 1-орунга Казакстандын командасы ээ болду.
"Бүгүн эртең менен түркмөн күрөшү болду. Бул күрөштүн эрежеси дагы айырмаланып турат, тактап айтканда 80 кгдан жогорку салмактагы балбандар күрөштү. 16 спортчунун ичинен Түркмөнстандын өкүлү биринчиликти жеңип алды. 2-орунга Кыргызстан, 3-орунга Россия ээ болду", -дейт Э.Абдылдаев.
Ошондой эле, ал белгилегендей азыр Азербайжан гюлеши кызуу уланууда. Алдыда аба, кыргыз күрөштөрү жана алыш калды.

"Кыргыз күрөшкө азыр эсеп боюнча 130 спортчу жазылды. 52 мамлекет даяр. Ал эми алыш боюнча 54 мамлекеттин спортчусу катышат деген маалымат берилип жатат. Алыш күрөшүнө 200 жакын балбан катталды", - деп билдирди Эркинбек Абдылдаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу