05.09.2016, 16:39

Азербайжан гюлешинин катышуучулары алгач музыканын коштоосунда бийлеп, андан соң күрөшүүдө

 Азербайжан гюлешинин катышуучулары алгач музыканын коштоосунда бийлеп, андан соң күрөшүүдө

Чолпон-Ата, 5-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өтүп жаткан Азербайжан гюлешинин катышуучулары алгач музыканын коштоосунда бийлеп, андан соң күрөшүүдө. Бул тууралуу Ден-соолукту чыңдоочу комплексте өткөрүлүп жаткан 7 спорттун түрүнө жооптуу адис Эркинбек Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, бул күрөштүн түрүнө Россия, Шри-Ланка, Кыргызстан, Пакистан, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан, Белоруссия, Тажикстан, Монголия, Латвия өлкөлөрү катышууда.

"Азербайжан гюлешинде музыка атайын коюлат, спортчулар жаңы чыккан кезде бир нече секундда музыкага өз кыймылдарын көргөзүшөт. Кимдин кыймылы, бийи жакшы болсо калыстар тобу мелдештин башында + деген артыкчылыкты берет. Гюлештин соңунда эки тарап бирдей жыйынтыкка ээ болуп калса, + белгисин алган спортчу жеңишке ээ болот", - дейт Э.Абдылдаев.